Ордо калаадагы жаңы веложолчо жарыктандырылды.
Мэриядан билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жолчо, тагыраагы,
«Ден соолук» эс алуу багынан тартып Ала-Арча дарыясына чейинки тилке эми жарык болуп калды.
Аталган аймакка 176 чырак жана тирөөч орнотулду, ошондой эле 3,5 чакырым электр
чубалгылары тартылды. Иштерди «Бишкек жарыктандыруу»
муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.