Бишкекте “Тез жардам” кызматынын түйшүгү жеңилдеди. Бул тууралуу мекеменин реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, соңку күндөрү телефон чалуулар, кайрылуулар азайганы байкалууда.
Буга чейин бир күндө 5 миңден чалуу келсе, кечээ кайрылуулардын саны 2 миңге жеткен жок. Бул эпидемиологиялык абалдын жакшыруусунан кабар берет, — деди Борисов.