Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун борборундагы жолдо оңдоо иштери башталды.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда Теплоключенка айылындагы 3 чакырым
жолдо курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоорго 15 миллион сом керектелет.
Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.