Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук унаалардын иштөөсүнө уруксат берилди.
Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынды. Маалыматка ылайык,
айдоочулар жана жүргүнчүлөр бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана
талаптарды так сакташы зарыл. Тиешелүү тапшырмалар унаа ээлерине жана компания
жетекчилерине берилди. Белгилеп кетсек, азырынча облустар аралык
коомдук унаалардын каттоосуна уруксат бериле элек.