Кыргызстанда айрым музей кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга жогорулады.
Бул максатта 15,5 миллион сом сарпталат. Ал 250 кызматкерге жеткиликтүү болот.
Алсак, мурда 6 миң сом алгандар эми 9 миң сом жана буга чейин 10 миң сом алгандардын айлыгы
16 миң сомго чейин көбөйдү, — деди маданият министри Азамат Жаманкулов.
Анын айтымында, соңку 1,5 жыл аралыгында министрликте оптимизация жүргүзүлдү.
Эмгек акы үнөмдөлгөн сумманын негизинде көтөрүлдү.