Бишкекте кезектеги ирет айыл-чарба жарманкеси уюштурулат.
20-21-мартта шаар тургундары жана коноктору Раззаков-Токтогул, Жетишкаева-Токомбаев жана
Айтматов-Токтогул көчөлөр кесилишинде орун алган жарманкелерден азык-түлүктү арзандатылган
баада ала алат. Бул жерде өсүмдүк майы, эт, жер-жемиштер базар баасынан төмөн сатылат.