2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Исхак Пирматовдун ордуна келген депутат Нурбек Мурашев ант берди.
Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ийгиликтерди каалады.
Мурашевге 28-майда Борбордук шайлоо комиссиясы мандат тапшырган.
Нурбек Мурашев айыл чарба министри болуп 2016-жылдан 2019-жылга чейин иштеген. Мындан тышкары 2015-жылы «Бир-Бол» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышкан.