УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат салынат.
Мэриянын маалыматына ылайык, курулушка капсула салуу аземи өттү.
Объекти 3 кабаттуу болот жана анда бардык шарттар түзүлөт.
Курулуш иштерине 100 миллион сомдон ашык сарпталат, каражат
демөөрчүлөр тарабынан берилет. Жаңы мекемени быйыл
декабрга чейин пайдаланууга берүү пландалууда.