Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы мектеп жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.
Орок мектеби 500 окуучуга ылайык жана ал 2 корпустан турат. Анда ошондой эле
окуу класстары, спорт, акты залдары, ашкана, китепкана, лабораториялык класстар жана
өтмө галерея бар, — деп билдиришти мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен.
Учурда курулуш иштери толук аяктады, эмерек, жабдуулар орнотулду. Бүгүнкү күндө
айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Курулушка бирдиктүү
депозиттк эсептен 106 миллион сом багытталды.