Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий старт алды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкектин калкын жана ТЭЦти кара отун менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзө турган социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Аны мамлекет өз каражатына куруп баштаганы айтылды.
Белгилеп кетсек, “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жол долбоорунун биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкеси курулат.
Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү.
Жалпысынан курулушту 2030-жылга аяктоо пландалууда.