Ош облусунун ирригациялык системаларын калыбына келтирүүнү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт.
Банктын өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каржылоо пакети дээрлик 18 миллион еврону түзөт.
Бул акчага курулуш-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөөрү маалымдалды.
Натыйжада Араван району сугат суу менен камсыз болот.