Жакын арада өлкөдө мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт.
Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Маалыматка ылайык, баштапкы капитал болжол менен 2 миллиард сомду түзөт, келечекте аны 8 миллиардга чейин жеткирүү пландалууда.
Ал арада экономика министри Данияр Амангелдиев мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүү министрлер кабинетинин быйылкы жылдын экинчи жарымына карата иш планынын пункттарынын бири деп атады.