Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет. Каражат “Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө” долбоорунун алкагында тапшырылат.
Аны ишке ашыруунун жүрүшүндө “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алуу системасы жакшыртылып, аз камсыздалгандарды окутуу, аларды ишке орноштуруу каралат. Андан тышкары, социалдык коргоо системасы өнүктүрүлөт.