Түркияда “Манас” жумалагы башталды.
Бурса шаарында кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы бир жума манас айтышат.
Анын алкагында шаардын «Меринос» маданий паркында атайын тигилген боз үйлөрдө маданий иш-чаралар уюштурулат.
Түркиядагы «Манас жумалыгы» IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай өтүүдө.
Быйыл Көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында болот.