“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чектөөлөр кечээ кечинде туруксуз аба-ырайына байланыштуу киргизилген.
Бишкек – Ош унаа трассасында жолчулар нөөмөттө туруп, кардан тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө.