Туристтер арасында эң популярдуу шаарлар аталды. Рейтингди британиялык изилдөө компаниясы түздү. Ага ылайык, биринчи орунда Париж жайгашты. Франциянын борбору экинчи жыл катары менен лидер. Экинчи орунда Дубай турса, үчүнчүдө – Амстердам жайгашат.
Тизмеге ошондой эле Рим, Мадрид, Лондон, Мюнхен, Барселона жана Нью-Йорк кирет.
Рейтингди түзүүдө эксперттер шаарлардын экономикалык инфраструктурасын жана коопсуздукту эске алышты.