Президент Садыр Жапаров айрым аймак-айылдардын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов болуп алмашты.
Аталган райондогу Чымгент айылы Чолпонбай болуп өзгөрдү.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын аталышы Ормон-Хан болду.
Оштун Ноокатындагы Борбаш айылы мындан ары Кайрагач деп аталат.