Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкө башчыларынын кийинки жыйыны 2024-жылы октябрда Москвада өтөт. Бул тууралуу Бишкекте Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.
Эске салсак, 2024-жылы Россия Федерациясы бир эле учурда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде, Өкмөт башчылар кеңешинде, Тышкы иштер министрлер кеңешинде, Экономикалык кеңеште, Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөр кеңешинде — Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Шериктештиктин уставдык жана башка органдарына, ошондой эле КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссияга төрагалык кылат.