“Алтын тамга” жыйынтыктоочу аттестациясына 2 миң 211 бүтүрүүчү катышты. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 149у гана билимин тастыктай алды.
Аларга артыкчылык аттестаттары тапшырылат. Тестирлөө 14-майда өттү. Талапкерлер математика, эне тил жана адабият, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча тест тапшырды.