Жогорку Кеңешке №29 Свердлов бир мандаттуу округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Малыматка ылайык, 30-июнда өтө турган шайлоого талапкерлерди каттоо 30-майда аяктаган.
Талапкерлер:
Аскар Алмаз уулу, 31 жашта, убактылуу иштебейт;
Таалайбек Усубалиев, 57 жашта, Бишкек шаардык кенешинин депутаты;
Жаныбек Асанбеков, 44 жашта, Бишкек шаардык кенешинин депутаты;
Назарбек Нышанов, 63 жашта, хирург-онколог;
Мээрим Бектемирова, 40 жашта, «Чүй электр тармактары» ишканасы, жетектөөчү адис;
Чыңгыз Сапарбаев, 36 жашта, «КЕН минералс» ЖЧКнын директору;
Казыбек Эргешов, 55 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Ирина Карамушкина, 60 жашта, убактылуу иштебейт;
Талантбек Тилебалдиев, 55 жашта, «ТЭТ Курулуш» ЖЧКнын директору;
Роман Ремнёв, 41 жашта, коомдук-саясий ишмер;
Жумабек Салымбеков, 47 жашта, «Мурас-Спорт» ЖЧКнын жетекчиси;
Милан Турпанов, 46 жашта, «МТ Азия Групп» ЖЧКнын директору.
Эске салсак, бул округдан шайланып келген Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылгандан кийин16-майда Садыр Жапаров Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган.