Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал эске салгандай, 6-июнда Пекинде темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча кезектеги макулдашуу кабыл алынып, аны каржылоо маселеси чечилди.
Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.
Баштапкы эсептөөлөр боюнча бул тилкени курууга 5 миллиард доллар талап кылынат.