Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов андан ары Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат. Мунун себеби жолдорду капиталдык оңдоо иштери менен байланыштуу.
Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.