Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди

Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Жол каттамын ачуу максатында беш инженердик техника, ошондой эле Түштүк-Кыргызцемент заводунан төрт атайын техника тартылган.

 

Белгилеп кетсек, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында  30-июнда Көк-Жар – Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.