КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Россия өтөт

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 7-8-ноябрында Россияда өтөт. Бул тууралуу аталган кеңештин жыйынында башкы катчы Сергей Лебедев билдирди.

 

Эске салсак, бул жолу КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны Ашхабад шаарында уюштурулду.