Акыркы жумада республикада 19 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Акыркы жумада республикада 19 миң жол эрежесин бузуу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алардын басымдуусу ылдамдыкты ашыруу, документтери жок унаа башкаруу, жол белгилерине баш ийбөө, мас абалында рулга отуруу фактылары.

 

Жыйынтыгында унаа токтотуучу жайга 900 транспорт каражаты токтотулду.

 

Айдоочуларга жол эрежелерин сактоо сунушталат.