“Арсенал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу коронавируска кабылды

“Арсенал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу коронавируска кабылды.

Курама команданын маалымат кызматы билдиргендей, Микель Артетанын

анализи оң көрсөткүчтө. Мындан улам команданын бардык оюнчулары жана

Артета менен байланышта болгондор үй карантинине алынды.

Буга карабастан ушул жумада өтүүчү Англиянын футбол чемпионаты

белгиленген убактан эрте уюштурулат. Эске салсак, буга чейин 11-марттагы

Англиянын премьер-лигасы жылдырылган. Анда “Манчестер Сити” менен

“Арсенал” беттешмек болчу.