Аты айтылбаган сатып алуучу космоско учуу үчүн 28 миллион доллар төлөдү

Аты айтылбаган сатып алуучу космоско учуу үчүн 28 миллион доллар төлөдү.

«Известия» жарыялагандай, бул орунду алуу үчүн сатыкка 159 өлкөдөн 7,5 миңдей

адам катталды. Аукциондун жеңүүчүсү Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү

Жефф Безос менен бирге космоско учат. Асманга учуу болжол менен 11 мүнөткө созулат.

Капсула экипаждан ажырагандан кийин тигинен конот, капсула Жер бетинен

болжол менен 105 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, андан кийин парашют менен конот.