Аз камсыз балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга каржылоо көбөйтүлдү

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок жана турмуштук оор кырдаалда калган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга каржылоонун көлөмү көбөйтүлдү.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул максаттарга 15 миллион сом бөлүнөт.

 

Белгиленгендей, сумма мурдагыдан үч эсе көп. Балдар жыл сайын “Алтын-Балалык” борборунда эс алышат.