Бүгүн Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн Ысык-Көлдө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым, Каракол шаарынан 103 чакырым аралыкта катталган. Эл жашаган аймактарда силкинүү сезилген эмес.

 

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.