Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, катталбаган апараттар өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

 

Мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, алардын уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатын көздөйт.