Барскоон –  Учтурфан –  Ак-Суу жолун оңдоо иштери башталды

Жети-Өгүз районунда Барскоон –  Учтурфан –  Ак-Суу жолун оңдоо иштери башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жумуштар Кара-Сай айылынан №6 чек ара заставасына чейинки тилкеде жүрүп жатат.

 

Белгиленгендей, бул аймакта Ашуусу өтмөгү бар, ал аркылуу малчылар жана чек арачылар атайын унаалар менен өтүшчү. Учурда оор жүк ташуучу машинелер жана атайын техникалар өтүү үчүн жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

 

Барскоон –  Учтурфан –  Ак-Суу жолунда жалпысынан 16 көпүрөнүн курулушу пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.