Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук унаалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук унаалардын иштөөсүнө уруксат берилди.

Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынды. Маалыматка ылайык,

айдоочулар жана жүргүнчүлөр бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана

талаптарды так сакташы зарыл. Тиешелүү тапшырмалар унаа ээлерине жана компания

жетекчилерине берилди. Белгилеп кетсек, азырынча облустар аралык

коомдук унаалардын каттоосуна уруксат бериле элек.