Баткен районунда суу жетишсиздигин жоюу үчүн 18 скважина казылат.
Учурда иштер Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарында башталды.
Эки айылда 6 скважина казылууда, анын бирөө таза суу үчүн болсо,
бешөө сугат иштерине пайдаланылат. Ошондой эле ондоого муктаж
скважиналар дагы калыбына келтирилет, — дешти райондук администрациядан.
Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 24 миллион сом бөлүнүп берилди.