Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында COVID-19га каршы эмдөө күчөтүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында COVID-19га каршы эмдөө менен камтууну жогорулатууну көздөп жатат.

Бул максатта медициналык адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөрүн ведомстводон белгилешти.

Ошондой эле калк арасында маалыматтык өнөктүктү жайылтуу үчүн активисттерди жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу пландалууда.

Мунун максаты коронавирустун жаңы штаммдарынын жайылышын алдын алууга байланыштуу.