Баткенде 959 тонна гумжардам таратылды

Баткенге Кыргызстандын ар тарабынан жөнөтүлгөн 1 миң 100 тоннадан ашык гуманитардык жардамдын 960тай тоннасы жер-жерлерге таратылып берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гумжардамдарды кабыл алуу, бөлүштүрүү жана жеткирүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары, жардам жетпей жаткан учурда жарандар “102” кызматы аркылуу кайрылып, даректерин беришсе, кошумча жеткирүү уюштурулат.