Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалып, атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылап жатат.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жаткандыктан, Чек ара кызматынын аскерлери жооп иретинде ок чыгарууда.
Баткен облусунун администрациясынан билдиришкендей, чектеш аймакка жакын айылдардын тургундарын эвакуациялоо башталды.