Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех курулууда

Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Ишкана пайдаланууга берилсе күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

Курулушка Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом ажыратылган. Анын курулушун быйыл аяктоо пландалууда жана мында 10 адамга жумуш орду түзүлөт.