Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбордун курулушу башталды.
Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Аталган долбоор Баткен шаарынын өнөржай аймагында ишке ашырылат.
Бул максаттарга 4 гектар жер бөлүнгөн. Долбоорго дээрлик 8 миллион доллар сарпталат.
Анын ишке кириши менен 200 жумушчу орду түзүлөт.
Жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.