Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда

Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аталган агенттик менен “Манас” эл аралык аэропортунун өкүлдөрү баштаган делегация Малайзияда иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында алардын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.