Бишкек мектептерин жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды

Бишкек мектептерин жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Жалпысынан 48 билим берүү мекемесин оңдоо максатында 138 миллион сом каралган.

 

Учурга карата бардык мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр. Эске салсак, окуу жылы быйыл салттуу түрдө 1-сентябрда башталып, 25-майга чейин созулат.