Бишкек мэриясы жылуулук сезонуна дээрлик даяр. Адатта, шаар тургундарынын батирлерине жылуулук сыртта аба табы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болбой турган учурда берилип баштайт.
Мэриядан белгилешкендей, жакынкы күндөрү кескин суук болушу күтүлбөйт, бирок шаар кызматтары жылуулукту азыр дагы берүүгө даяр. Жылуулук берүү боюнча чечимди күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча штаб кабыл алат.