Бишкек – Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин трассанын 104-105-чакырымдарында нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрүп, таштар түшкөн.
Учурда жеринде тазалоо иштери уланууда. Атайын техника иштеп жатат.