Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл өткөрүү түйүндөрүнөн өтүүдө төлөмдү QR-код аркылуу төлөсө болот

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл өткөрүү түйүндөрүнөн өтүүдө төлөмдү QR-код аркылуу төлөсө болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда система тесттик режимде иштеп жатат.

 

Жарандарга ал жакын арада жеткиликтүү болот. Жаңычылдык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, адам факторун жоюуга жана коррупциялык учурларды алдын алууга шарт түзөт. Учурда аталган өткөрүү пункттарында төлөм терминалдар аркылуу кабыл алынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.