Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар ачылды.
Бул тууралуу «Манас» аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кошумча авиакаттамдарды ата мекендик компания жума жана жекшемби күндөрү аткарып баштады.
Белгилеп кетсек, мурда Жалал-Абад шаарына каттамдар жумасына жети жолу аткарылып келген.
Азыркы күндө анын саны тогузга чейин өстү.