Бишкекке 200 көчмө кычкылтек концентраторунун экинчи партиясы жеткирилди

Бишкекке 200 көчмө кычкылтек концентраторунун экинчи партиясы жеткирилди.

Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эске салсак, буга чейин 500 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келинген.

Ал эми калган 800ү жакынкы аралыкта өлкөгө жеткирилмекчи. Жабдуулар ыкчам

тартипте коронаривирус инфекциясын жана пневмонияны дарылап

жаткан республиканын медициналык мекемелерине таратылат.