Бишкекте 17 автобус жана троллейбустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, бул айрым көчөлөр ремонтко жабылганына байланыштуу.
Учурда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев-Киев тилкесинде, Ахунбаев-Малдыбаев жана Байтик Баатыр – Медеров кесилиштеринде оңдоо иштери жүрүүдө.
Буга байланыштуу №6, 9, 31, 12, 42, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 212, 195 линиясындагы автобустардын жана №4 толлейбустун каттамы өзгөрдү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.