Бишкекте 5-6-октябрдагы митинг учурунда жабыркаган 7 адамдын абалы оор

Бишкекте 5-6-октябрдагы митинг учурунда жабыркаган 7 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, жалпысынан ооруканага кайрылгандардын саны 686га жетти.

 

Алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 164 киши ооруканага жаткырылды.

 

7 бейтап реанимацияда. Эске салсак, 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын митинги массалык башаламандыкка жетип, милиция менен митингичилер кагылышты.