Бишкекте боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу

Бишкекте 15-июнга карата боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жакшы жылыштар байкалууда, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.

 

Эске салсак, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операция Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында орун алып, ага кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлер катышты.