Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт шаар тургундарын штаттык режимде тейлөөдө. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» 492 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 276 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр транспорт» ЖЧКсынан 117 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыкты

 

Мындан тышкары, шаар аймагында 634 кичи автобус каттоодо.

 

Бишкек мэрясы муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз каларын билдирет.