Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында орнотулган аппараттык-комплекстер тестирлөөдөн өтүп жатат

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында орнотулган аппараттык-комплекстер тестирлөөдөн өтүп жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, жабдуулар сыноодон өткөндөн кийин комплекстер этап менен колдонууга берилет.

 

Эске салсак, долбоордун экинчи фазасынын алкагында ордо калаанын 44 көчө кесилишине камералар орнотулат.

 

Биринчи фаза өткөн жылдын 4-мартында кое берилип, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.